• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Ошто  жол кырсыгы катталып 5 адам ооруканага жеткирилди

19 Тогуздун айы 2018 15:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.10.2018. Govori.TV
Ош-Бишкек унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, жол кырсыгынан 5 адам жабыркап, алар ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 18-октябрь күнү болжол менен саат 20:00 чамасында болгон.
«Бишкек-Ош унаа жолунун 662-чакырымында, тактап айтканда, Кара-Суу районунун Кызыл-Чек айылында Хонда ХР-В жана Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Хонда ХР-В унаасынан 5 адам ар кандай жаракаттарды алып Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүүдө», — деп билдирет аталган бөлүмдөн.

Количество просмотров: 23