• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ошто жол кырсыгы катталып, 7 киши каза болду

3 Бирдин айы 2020 9:50 Бишкек Govori.TV

Оштогу Өзгөн районунда жол кырсыгы катталып, 7 киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, кырсык Мырзаке айылындагы Жээнбеков көчөсүндө бүгүн, 3-февралда болжол менен саат 03:30да катталган. Lexus ES300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, электр мамычасын сүзүп, натыйжада өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен жети эркек киши каза болгон.

Жерине куткаруучулар, тез жардам жана милиция кызматкерлери тартылган.

«Өрт саат 04:18де чектөөгө алынып, саат 04:35те толук өчүрүлгөн. Өрттү өчүргөндө унаанын ичинде 7 адамдын сөөгү табылган. Куткаруучулар унаадагы каза болгон адамдарды чыгарышып, Өзгөн райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 517