Ош шаарында эки жол тескөөчү чырдашып, милицияга арыз жазышты. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.
Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, эки кызматкер бири-биринин үстүнөн сабалганы боюнча арыз жазышкан.
Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине майда бейбаштык деп катталган. Учурда эки кызматкердин жаракатын аныктоо үчүн экспертиза дайындалган.
Ал эми Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы эки кызматкердин ортосунда чыр болгонун ырастап, ички иликтөө кызматы тарабынан териштирилип жатканын кошумчалаган.