• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Оштогу 5 тилкеде жыйынтык жокко чыгарылды

11 Чын куран 2021 16:07 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында беш тилкеде шайлоо участкасынан сырткары добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул туурасында Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Муктар Пазилдаев билдирди.

Пайзилдаевдин айтымында, №5279 участкада шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын талапкеринин унаасы менен кыдырып жүргөнү аныкталган.

«10-апрелде добуш берүү жайдан тышкары шайлоо өткөн. Анда Ош шаарында 5 шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. №5279, 5551, 5284, 5904, 5316 шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгаруу чечими кабыл алынган. Факт боюнча ошол көчмө урнадагы 30 добушту жокко чыгардык, ушуга жол бергени үчүн участкадагы шайлоо комиссиясынын жетекчисин кызматтан алуу сунушталды. Ал эми жогоруда аты аталган талапкердин өзүн да четтетүү маселеси каралмай болду», — деди Пайзилдаев.

Количество просмотров: 166