• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Оштогу аскер бөлүктө кызмат өтөгөн жоокер каза болду

18 Баш оона 2022 12:57 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы №703 аскер бөлүгүндө дагы бир аскердин өлүмү катталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Аскер бөлүгүнүн командири жана орун басарларынын айтымында, 17-август күнү эртең мененки саат 05.00 чамасында текшерип-өткөрмө пунктунда турган аскер М. уулу А. ошол жерде ары-бери басып жүрүп жыгылып калган. Жанындагы аскерлер медпунктка алып барышканда анын каза болгондугу аныкталган.

«Акыйкатчынын өкүлү Соттук-медициналык экспертизанын башчысы Насиров Кылычбек менен жолугуп сүйлөшкөн. Ал аскерди алгачкы кароодо каза болгон аскердин денесинде эч кандай зомбулуктун белгилери жоктугун жана экспертизаны жүргүзүүдө атасы катышканын билдирди. Соттук медициналык биологиялык экспертиза жүргүзүлүп, алдын ала божомол менен анын жүрөк оорудан каза болгондугун, ички органдардан алынган заттар жана бөлүкчөлөр алынгандыгын жана алардын изилдөөнүн жыйынтыгы бир айдын ичинде чыга тургандыгын маалымдаган. Ошондой эле, ишти тергөөгө алган Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү менен да сүйлөшүү жүргөн. Ал аскердин медициналык картасы жана башка армияга чакырууга тиешелүү болгон иш-кагаздардын алынгандыгын билдирген»,-деп айтылат маалыматта.

Аскер бөлүгүнүн командири каза болгон аскер үйүнө кете турганына бир ай эле калгандыгын, 2 күн мурда ата-энеси келип кетишкендигин айткан. Өкүл аскердин ата-энесине да жолугуп, юридикалык жардам берүү сунушталды.

Количество просмотров: 107