• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Оштогу «Манас Ата» кафесине айып пул салынып, убактылуу жабылды

30 Кулжа 2022 16:52 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору «Манас-Ата» кафесин текшерип, бир катар кемчилдиктери үчүн 41 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, текшерүү Ош шаардык прокуратурасынын актысынын жана жарандардын арызынын негизинде жүргүзүлгөн.


«Манас-Ата» кафеси текшерилип, даяр тамак-аштардын үлгүсү лабораторияга жиберилген. Изилдөөнүн натыйжасында тамак-аштан аныкталган кемчилдиктер үчүн, санитардык гигиеналык нормалар сакталбаганы үчүн кафе ээси Бахтияр Гуламовго 23 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынган. Андан сырткары азык-түлүктү сактоодо кетирген каталары үчүн башкы ашпозчусуна 13 миң сом айып пул салынган. Кафенин айланасы да тазаланбагандыктан 5000 сом айып пул көрсөтүлгөн. Учурда кафенин иши убактылуу токтотулуп, жууп тазалоо, дезинфекция, дезинсекция, дератизация иш- чаралары жүргүзүлүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 332