• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Оштогу Увам каналынын жээгине эс алуу багы курулууда

16 Тогуздун айы 202517:02 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында канал жээгине жаңы эс алуу багы курулууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Эс алуу багы А.Шакиров көчөсүн бойлой аккан Увам каналынын суу корук аймагында жайгашкан мурдагы “Тумар” мейманканасынын ордуна курулуп жатат.

Учурда аймакта гранит таштар төшөлүп, канал тарабы тосмолор менен тосулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан ары Ош шаарындагы бардык каналдардын корук аймактарында бирдиктүү долбоор боюнча окшош эс алуу бактары курулат.

Количество просмотров: 148