Формасы ошондой болгондуктан эл ичинде “Т” аталган Оштогу жолдун курулушу бүткөрүлүп, октябрдын аягында пайдаланууга берилери буга чейин айтылган. Бирок учурда ачыла элек.
Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсупов аталган жол он күн аралыгында ачыларын билдирди.
Жолдун узундугу 4 чакырым 800 метрди түзөт. Учурда анын үч чакырымга жакынына асфальт төшөлүп бүткөн. Калганы кийинки жылы жасалат.
Бул жол Ош шаарынын кире беришиндеги Монуев көчөсүнө альтернатива катары тыгындарды жоюу үчүн жасалган. Анын курулушу былтыр күзүндө башталган. Бул жолго 120 млн. сомго жакын каражат бөлүнгөн.