• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Оштогу жол кырсыгынан бир аял каза болду

20 Теке 2018 10:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.07.2018. Govori.TV
Ош шаарындагы унаа кырсыктан аял киши каза болуп, айдоочу жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда ӨКМдин басма сөз борбору билдирди.
Кырсык кечээ, 19-июлда  саат 03:05 чамасында Шакиров көчөсүндө болгон. Анда «Hyundai Porter» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу жабыркап, аял киши мерт кеткен. Айдоочу тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Куткаруучулар каза болгон аялдын денесин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.