• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Оштон Бишкекке жөө жөнөгөн аялдар кайра артка кайтышты

15 Чын куран 2019 19:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.


“Чындык жана акыйкаттык издеп” Бишкекке жөө чыккан Кара-Суу районунун тургундары Орозокан Токторалиева менен Гулнара Мырзакеримова кайра артка кайтып келишти. Бул тууралуу Ош облусундагы өкмөтүтүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымдады.


Ош шаардык Кеңешинин депутаты Нуркыз Кадырбек кызынын айтуусу боюнча Кызыл-Кыштак Айыл өкмөтү менен аялдар элдешишти. Ош облусунун ири региондорунун башчысы Узарбек Жылкыбаевдин атынан анын орун басары Байыш Юсупов аялдарды кайра үйүнө алып келүүгө Алишер атту жергиликтүү тургунду жиберген. Аялдар кайтып келип, үй иштери менен алектенип жатышат. Айыл башчысы менен жолугушкандан кийин, алардын күнөөсү кечирилгени белгилүү болду. Мындан тышкары, жер бөлүп берүү маселеси дагы күтүлүүдө.


Буга чейин 2019-жылдын 8-апрелинде Кызыл-Кыштак айылынын эки тургуну жергиликтүү башкаруу органдарына өз алдынча нааразычылыктарын билдиришкен. Алардын маселе чечилбей жаткандыктан алар Бишкекке жөө барууга даяр экенин билдиришкен. Алар Кыргызстандын Президенти менен жолугушууну пландап жатканын кошумчалашкан.


Орозокан Токторалиева менен Гүлнара Мырзакеримова айтымыфнда облустук жана райондук прокуратурага кайрылган. Кийин айыл өкмөтүндө башталып, көп өтпөй айыл башчысы Шарабидин Капаров алардын үстүнөн кылмыш ишин ачтырып 1,5 млн сом төлөп берүүнү талап кылган.
Кызыл-Кыштак айылынын башчысы алар мындай жол менен жоопкерчиликтен соттук угууларга катышпоого аракет кылып жатышат.

Количество просмотров: 23