1917-жылдагы Октябрь революциясынын жетекчиси жана Советтер Союзунун түзүүчүсү Владимир Лениндин Ош шаарынын башкы аянтындагы эстелиги алынды.
Маалыматты Ош мэриясынын басма сөз кызматы ырастады. 7-июнь күнү эртең менен мэриянын кызматтары эстеликти ордунан көчүрүп кетти.
Лениндин эстелиги кайда жайгаштырылары тууралуу маалымат жок. Анын ордуна кандай эстелик орнотулары же башка курулуш жүрөрү тууралуу да маалымат жарыялана элек.