• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев жаңы кызматка келди

3 Теке 201812:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.07.2018.Govori.TV.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
А.Кадырбаев Ош шаарынын мэри болуп 2014-жылдын 15-январында шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шайланган. Добуш берүүнүн жыйынтыгында шаардык кеңештеги 45 депутаттын ичинен 25 эл өкүлү анын талапкерлигин колдогон болчу.

Фото: sputnik.kg

Количество просмотров: 182