• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Оштун мэри ишкерлерге ардак грамоталарды тапшырды

20 Аяк оона 2018 14:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.09.2018. Govori.TV
Бүгүн, 20-сентябрда Ош шаарында ишкерлер күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, шаардын өнүгүүсүнө биргеликте салым кошууга үндөдү.
Иш-чарада бир нече ишкерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары тапшырылды.
Айта кетсек, Ош шаарында каттоодон өтүп өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышкан 26 миңден ашуун чарбалык субъекттер жайгашкан. Алардын ичинен жүздөгөн өндүрүштүк ишканалар жана жеке ишкерлер товардык продукцияларды чыгарышат.
Количество просмотров: 20