• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жогорку Кеңешке жаңы эле келген депутат Жоробаев мандатын тапшырды

25 Аяк оона 2020 19:30 Бишкек Govori.TV

Төрт ай мурун депутат болуп келген Жаныбек Жоробаев мандатын тапшырды. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жаныбек Жоробаевдин ыйгарым укуктарын токтотту.

БШКнын маалыматына караганда, депутаттын мандаты өзүнүн арызына ылайык алынды.

Жаныбек Жоробаев мандатты 2020-жылдын 13-майында алып, 14-майда алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты катары ант берген.

Аны менен кошо аталган фракцияга Шаршенбек Абдыкеримов да депутат болуп келген. Экөө мурдараак өз арыздары менен депутаттыктан кеткен Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаевдин ордун толукташкан.

Количество просмотров: 131