• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эмне үчүн «Рэкетир 3» Кыргызстанда көрсөтүлбөй калды?

26 Бирдин айы 20259:36 Бишкек Govori.TV

Казакстандык чыгармачыл топтун «Рэкетир» тасмасынын Кыргызстанда көрсөтүлбөй калышына Руслан Көлбаевдин тиешеси жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» “Кыргызтасма” мамлекеттик киноборборунун жетекчиси Талант Төлөбеков 25-февралда билдирген.

«Өспүрүмдөр кырсыктап, мектептерде ызы-чуу болуп жатат. Аталган тасмада дагы ушундай кадрлар бар экен. Мындан улам «Кыргыз тасманын» алдындагы комиссия аталган тасмага берилген уруксат күбөлүгүн чакыртып алуу чечимин чыгарды», — деди ал.

Төлөбеков акыркы эки жылда казакстандык киночулар тарткан эки тасманы кинотеатрларда көрсөтүүгө тыюу салынганын билдирди. Телевидение жана интернет платформалардагы тасмаларга аталган мекеме жооптуу эмес экенин кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстанда 20-февралдан тарта көрсөтүлөрү жарыяланган, казакстандык киночулар тарткан «Рэкетир 3» тасмасы кинотеатрлардан алынганы белгилүү болгон.

Социалык тармактарда тасманын көрсөтүлбөй калышына «кылмыш дүйнөсүнүн анабашы» атыккан, 2023-жылы атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин уулу Руслан Көлбаевдин тасманын жабык көрсөтүүсүнө катышканы себеп болгону айтылган.

Фильмдин режиссеру андай маалыматты четке каккан.

Количество просмотров: 169