Эч кандай башка кызматка өткөнүм жок. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Мамлекеттик тил комиссиянын мурдагы төрагасы Каныбек Осмоналиев Govori.TVга билдирди.
«Башка кызматка дайындалган жокмун. Жумуштан алып коюшту»,-деди Осмоналиев.
Белгилей кетсек, президенттик администарция Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Осмоналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганын маалымдаган. Ордуна Мелис Мураталиев дайындалган.
Каныбек Осмоналиев бул кызматка 2022-жылдын май айында дайындалган.