• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Осмоналиев Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы кызматынан бошотулду

5 Жалган куран 202411:00 Бишкек Govori.TV

Каныбек Осмоналиев президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы кызматынан алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Осмоналиев Каныбек башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Кошумчалай кетсек, Каныбек Осмоналиев бул кызматка 2022-жылдын май айында дайындалган.

Количество просмотров: 120