«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокурордун сунушун караган депутаттык комиссия бүгүн, 3-мартта жыйынтык чыгарат. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы, депутат Айбек Осмонов билдирди.
«Жалпысынан комиссиянын 5 отуруму болуп, анда Башкы прокуратурадан бир катар документтер талап кылынды. Комиссияга бир ай убакыт берилген. Бүгүн корутундуну жалпы жыйынга алып чыгабыз», — деди ал.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунуштамасы 10-февралда келип түшкөн. Аны Башкы прокурор Курманкул Зулушев берген.
Ишти иликтеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Анын курамына Айбек Осмонов, Исхак Масалиев, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Динара Ашимова, Аманкан Кенжебаев, Азамат Исраиловдор кирген.