• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Осмонова: Заман оңолуп жаткан учурда зомбулуктун көбөйгөнү өкүндүрөт

27 Үчтүн айы 2024 12:03 Бишкек Govori.TV

25-26-27-январь күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Галбү Осмонова 59 жашта. Ал Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айыл өкмөтүнүн башчысы.

«Айыл өкмөт башчысы кызматын аркалаганыма 4 чакырылыш болду. «Аялдарды коомдо, мамлекетте колдонуу» деген программада биринчи иштеп калганбыз. Анан 2005-жылы болгон шайлоо убагында эркектер менен теңтайлашып өкмөт башчылыкка коюп утуп алгам. Ошондон бери эле эркектерден кем калбай иштеп келе жатабыз. Мамлекет бөлгөн 30 пайыздык квотаны айымдар жакшы колдоно албай жатабыз. Шайлоолордо, жогорку кызматтарга барууда… Ушул квотаны аялдар бири-бирибизди колдоо менен бири-бирибизди колдоо менен тартып кетсек деген чоң максатым бар. Ошондой эле мен көптөгөн долбоорлор менен иш алып барып, коомго салым кошуп келем», — дейт ал.

Количество просмотров: 166