• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Осоев: Унаа жолдорун оңдоого 7 млрд 582,3 млн сом каралган

27 Теке 2022 11:04 Бишкек Govori.TV

2022-жылы унаа жолдорун оңдоого 7 млрд 582,3 млн сом каралган. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, жогорудагы сумманын ичинен “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2022-жылга 4 млрд 600 млн сом суммасында каражат каралган.

“2022-жылдын алты айында жол тармагын каржылоонун жалпы суммасы 4 млрд 142,3 млн сомду түздү. Анын ичинен учурдагы бюджет боюнча 1 млрд 895,3 млн сом жол битумдарын сатып алууга жумшалды”, — дейт ал.

Министр белгилегендей, 20 миң тонна өлчөмүндө битумду алып келүү үчүн “Казахбитум” заводу менен келишим түзүлгөн.

“Бүгүнкү күндө 14 миң 300 тонна битум кабыл алынып, аймактарга жеткирилди”, — деди Осоев.

Количество просмотров: 60