Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл, Тоң райондорунда жамгыр катуу жаап жатат. Транспорт министрлигине караштуу «Кыргызавтожол-Түндүк» ишканасы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү бийлик менен бирге иш алып барып жатат. Жети-Өгүз, Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Азыркы учурда төмөнкү унаа жолдор убактылуу жабылды:
Григорьевка-Көл-Кашка-Суу унаа жолунун 0-16 км суу каптап, каттам жабылды (Григорьевка капчыгайына баруучу жол).
Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа унаа жолунун Көл-Төр-Коңур-Өлөң 42-43 км бөлүгү жабылды!
Тогуз-Булак айылына баруучу жол жабылды.
Ак-Сай-Көк-Сай унаа жолунда каттам жабык.
Ак-Терек-Дөң-Талаа унаа жолунда каттам жабык.
Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 60-70 км аралыгы жабылды (Кескен-Бел бөлүгү) жана бул унаа жолдун 58 чакырымда Кызыл-Туу айылындагы көпүрө авариялык абалда! Каттам чектелген!
Азыркы учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ-нын Жол эксплуатациялоо ишканалары тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду тазалоо иш-аракеттери жүрүп жатат.