Бүгүн, 22-мартта Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ж. Шералиев көчөсүн оңдоо иштеринен кабар алып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, шаар тургундарынын суроо-талабын уккан министр жол тармагынын жооптуу кызматкерлерине жол курууда сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Ошондой эле ведомство жетекчиси элдин пикирин эске алып, ыңгайлуу шарт түзүү максатында долбоордун айрым жерлерине өзгөртүү киргизүү тапшырмасын койду.
Буга чейин жергиликтүү тургундар курулуш иштерине байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевге социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жолдошкон.
Белгилей кетсек, Нарын шаарынын Ж. Шералиев көчөсүнө 2 чакырымдан ашык асфальт төшөлөт.