Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медицина тармагындагы адистерди даярдоочу ЖОЖдордун ректорлору менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Пакистан Медициналык Комиссиясынын (ПИР) КРнын ЖОЖдорун кара тизмеге киргизүүсүнөн улам жаралган абал талкууланды.
Министрликтин жетекчилиги Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин маалыматына караганда, КРнын медицина тармагындагы адистерди даярдоочу бардык ЖОЖдору ПИР тарабынан кара тизмеге киргизилгенин айтты. Мунун себеби, КРда окуп кеткен пакистандыктардын дипломдорунун өз өлкөсүндө таанылбай жана алардын 90%ы Пакистан Медициналык Кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө албай жатканында.
Жетекчилик, жаралган кырдаалды КРнын жана чет өлкөлүк жарандардын даярдыгынын төмөн сапаты менен байланыштырат. Ошондой эле, медицина тармагында чет өлкөлүк студенттерди сапаттуу даярдоо ЖОЖдордун кызыкчылы болгонуна карабай, алардын көпчүлүгүнүн эл аралык аккредитациядан өтпөгөнү белгиленди.
Жаралган кырдаал КРдагы инвестициялык климатка, аны менен катар билим экспортуна терс таасирин тийгизгендиктен, мындан ары министрлик тарабынан ЖОЖдордун ишмердүүлүгүнө, өзгөчө, медициналык ЖОЖдорго болгон лицензиялык көзөмөл күчөтүлөт.
Ошондой эле билим берүү жана илим министри бир катар тапшырмаларды берди:
Коюлган тапшырмалар аткарылбаган учурда, ЖОЖдун лицензиясы мыйзам ченеминде кайрадан каралып чыгат.
Талкуунун жыйынтыгында ректорлор тарабынан төмөнкүлөр сунушталды: