• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Пакистан менен Ооганстанда жер титирөөдөн кеминде 13 киши өлдү

22 Жалган куран 2023 16:09 Бишкек Govori.TV

Пакистан менен Ооганстанда 21-март күнү кечинде катталган күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөөдөн бери дегенде 13 киши өлүп, 100дөй адам жаракат алды. Бул тууралуу Al Jazeera кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, тогуз киши Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтанхва провинциясында мерт болсо, төрт киши Ооганстандын Лагман провинциясында каза тапты.

Жер титирөөнүн очогу Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясынын Журм уездинен түштүктү карай 40 чакырым аралыктагы жерде орун алды.

Пакистандык The New гезити бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына таянуу менен Сват окуругундагы ооруканаларга жаракат алган 250 киши жеткирилгенин кабарлады. Аймакта жарандык инфраструктуралар талкаланган.

Бул жер силкинүү Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда да сезилди. Курмандыктар жана кыйроолор жок.

Февраль айындагы зилзаладан Түркия менен Сирияда 50 миңден ашуун киши набыт болуп, 100 миңден көп адам ар түрдүү деңгээлде жаракат алган.

Былтыр жайында Ооганстандын чыгышындагы жер титирөөдөн миңге чукул адам өлгөн.

Количество просмотров: 169