• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Пакистанда кыргызстандык жаран COVID-19дан каза болду

10 Чын куран 2020 11:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын 73 жаштагы жараны коронавирустан көз жумганы тууралуу буга чейин чет элдик басылмалар жазган. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги тастыктады.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, маркум Райвинд шаарынан 60 км аралыкта Кала провинциясында карантинде болчу.

«Пакистанда дааватта жүргөн кыргызстандык жаран коронавирустан каза тапты. Маалыматты Кыргызстандын Пакистандагы Исламабад шаарында жайгашкан элчилиги тастыктады»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 187