Пакистанда жергиликтүү бийлик Белужистан провинциясындагы көзөмөл өткөрмө бөлүмүнүн жанындагы жардыруудан коопсуздук күчтөрүнүн кеминде үч кызматкери каза болгонун кабарлады.
Жардыруу 5-сентябрда Пакистандагы Чек ара корпусу кайтарган Мастунг округундагы көзөмөл өткөрмө бөлүмүнө болгон. Бул окуя үчүн пакистандык талибдердин “Техрик-е Талибан” кыймылы жоопкерчилик алды. Алар Пакистандын Чек ара корпусу бутага алынганын билдирди.
Жаратылыш ресурстарына бай Белужистан провинциясы Ооганстан жана Иран менен чектешет. Аймак 2004-жылдан бери миңдей адам курман болгон дин аралык зомбулук, ислам жоочуларынын чабуулдарынан жана сепаратисттердин аракетинен жапа чегип келет.
Акыркы аптада аймак “Техрик-е Талибан” кыймылынын чабуулдарына кабылууда. 26-августта Зиарат аймагындагы “Леви” аскерлешкен бөлүктүн үч мүчөсү машинесине коюлган минанын жарылуусунан каза болду. Андан мурун Гичик округунда автоунаага коюлган колго жасалган жардыруучу заттан Пакистан армиясынын офицери каза болгон.
Булак: Азаттык.