Пакистандын жарандарын сабаган шектүүлөрдүн иши Аламүдүн райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Маалыматты Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
19-июль күнү болжол менен саат 23:00 чамаларында Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Пакистандык 1998-жылы туулган Ш.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Ушундай эле арыз менен дагы 2000-жылы туулган А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С., 1995-жылы туулган А.И. кайрылган.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шектүүлөр колго түшүп, бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси 2-бөлүмү (бейбаштык) боюнча катталган.