• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Пакистандык студентти сабаганга шектелип үч адам кармалды

21 Теке 2020 9:43 Бишкек Govori.TV

Кой-Ташта Пакистандын жаранын сабаганга шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19-июлда болжол менен саат 23:00дө Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Пакистан Республикасынын 1998-жылы туулган Ш.С., аттуу жараны арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Андан сырткары, ушундай эле арыз менен 2000-жылы туулган А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С., жана 1995-жылы туулган А.И., кайрылган.

Окуя болгон дарекке дароо Аламүдүн районунун ИИБнин ыкчам тергөө тобу барган кезде урушка катышкандар тарап кеткендиги маалым болгон.

Чүй облустук жана Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы чыр-чатакка катыштыгы бар делип Ысык-Ата районунун 31 жаштагы жашоочусу Э.О., Бишкек шаарынын жашоочулары 30 жаштагы Д.А., менен К.Б., кармалган.

Аталган факты Аламүдүн РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча катталган.

Аламүдүн РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Аталган окуяны иликтөөнүн жүрүшү Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги тарабынан катуу көзөмөлгө алынган.

Количество просмотров: 197