• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Памирден көчүрүлүп келген 44 жаранга паспорт берилди

28 Чын куран 2021 17:37 Бишкек Govori.TV

Улуу жана Кичүү Памирден көчүрүлүп келип, Алай районунун Талды-Суу айылында жашап жаткан памирлик кыргыздарга паспорт берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов 4 жаранга ички жарандык паспортторун тапшырган. Мындан сырткары, Ош облусунун башчысы тарабынан азык-түлүк берилген.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 16-апрель күнү Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 111 адам, алардын 60ы чоң киши жана 51 бала Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышты. Алардын баары Афганистан Ислам Республикасынан жана Кытай Эл Республикасынан келген этникалык кыргыздар.

Количество просмотров: 98