• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Памирлик кыргыздарга Чоң-Алайда 400 үй курулат

26 Үчтүн айы 2023 11:38 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталат. Курулуш иштерин быйыл май айында баштоо пландалууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселер менен камсыздалат.

Маалыматка караганда, Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат. 

Количество просмотров: 51