• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Пандемиянын экинчи толкуну. Өкмөт башчы ооруканаларды кышка даярдоону тапшырды

22 Теке 2020 15:04 Бишкек Govori.TV

Өлкөнүн бардык аймактарындагы ооруканаларга зарыл жабдууларды алуу менен кышка даярдоо иштерин күчөтүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди, — деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Адистер эпидемиянын экинчи толкуну күз айларында башталарын божомолдоодо. Ошондуктан медициналык мекемелер бардык кырдаалга даяр туруш керек. Ал үчүн ооруканалардагы абанын алмашуусун жөнгө сала турган жабдууларды орнотуу зарыл», -деди өкмөт башчы.

Ошондой эле премьер-министр медицина кызматкерлерине илдеттин жугуу себептерин аныктоо тапшырмасын берди.

«Медицина кызматкерлеринин арасында кызматтык милдетин аткарып жатып, илдетти жуктуруп алган учурлар көп кездешүүдө. Ошондуктан биз алардын ден соолугуна кам көрүшүбүз керек. Аларга коронавирус инфекциясынын жугуу себептерин дыкат аныктап, анын негизинде маселелерди жоюунун үстүндө иштөөнү күчөтүү керек», — деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы Саламаттык сактоо министрлигине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өпкөсү сезгендерди өтүшүп кеткенге жеткирбей алдын алуу чараларын күчөтүүнү милдеттендирди.

«Илдетти сасык тумоо катары кабыл алып, өз алдынча үй шартында дарыланып жаткандар бар. Ошондуктан ооруп жаткандарды аныктоо үчүн Бишкек шаарынын жана аймактардын жетекчилери медицина кызматкерлери менен үймө-үй кыдыруу иштерин күчөтүүгө тийиш», — деп премьер-министр сөзүн жыйынтыктады.

Количество просмотров: 163