Бишкектеги Панфилов паркында иштеп жаткан аттракциондон кыз кулап түштү.
Соцтармакка видеосу тараган окуя кечээ, 31-март кечкисин болгону айтылды.
Жаракат алган кыз Шаардык клиникалык тез жардам борборуна жеткирилген. Учурда анын абалы оор, медициналык жардам берилүүдө. Дарыгерлердин айтымында, кыз ооруканага оор абалда жеткирилген. Ал башынан жаракат алып, мээси жабыркаган.
Ал эми Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматы факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилерин билдирди.
Парктын администрациясы бул боюнча үн ката элек.