• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Панфилов паркындагы “Тай Брейк” теннис аянтчасынын жери мамлекетке кайтарылды

3 Бештин айы 202415:01 Бишкек Govori.TV

Панфилов атындагы сейил багындагы “Тай Брейк” теннис аянтчасы жайгашкан жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан Панфилов атындагы парктын аймагында жайгашкан жалпы аянты 0,48 га болгон муниципалдык жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.

Алсак, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан токтом чыгаруу жолу менен жеке адамдарга мыйзамсыз жер тилкесин алып чыгуу боюнча коррупциялык схеманы айрым жогорку даражалуу аткаминерлер уюштургандыгы такталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жалпы суммасы 268 млн 900 миң сомду түзгөн, 0,48 га муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча кылмыш схемасына тиешеси бар адамдар аныкталган.

Көрүлгөн чаралар менен соттун чечимине ылайык жогоруда аталган спорт комплекси мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.

УКМК мурда мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган тиешелүү иштерди улантууда. Ошону менен бирге, колдо болгон процессуалдык материалдардын алкагында объектти мыйзамсыз менчиктештирүүгө катышкан кызмат адамдарынын жана башка адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет.

Количество просмотров: 113