• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Пара менен “Жалал-Абад электр” ААКнын бөлүм башчысы кармалды (видео)

19 Үчтүн айы 2021 16:27 Бишкек Govori.TV

Пара алып жаткан жеринен “Жалал-Абад электр” ААКнын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Сузак райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча финансы полициясына жеке ишкер “Жалалабат электр” ААКнын бөлүмдөрүнүн биринин башчысына карата арыз менен кайрылган, ал башчы кызмат абалынан пайдаланып, арыз ээсинен жеткирүү келишиминин негизинде жеткирилген товардык-материалдык баалуулуктарды (ТМБ) кабыл алуу үчүн 90 миң сом суммасында акча каражаттарын опузалап талап кылган.

Арыз ээсинин айтымында, аталган бөлүмдүн башчысы андан дайыма акча талап кылып келген жана ТМБны ар бир жеткирип берген сайын акча алып турган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 238-беренесинде (кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) каралган кылмыштын белгиси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Үстүбүздөгү жылдын 14-январында, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда, опузалап талап кылынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн (40 миң сом өлчөмүндө) алып жаткан жеринен, кылмыш үстүнөн “Жалалабат электр” ААКнын темир-бетон буюмдарын даярдоо цехинин башчысы “К.Б” кармалды.

Учурда, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 108