• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Пара талап кылган УКМКнын алдамчы кызматкери кармалды (сүрөт)

9 Теке 202111:49 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүрүп жаткан иш-чаранын алкагында, акча талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча, Кыргыз Республикасынын УКМКнын КККнын кызматкеримин деген “Т.С.К.” аттуу алдамчы кызматкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнынн басма сөз кызмат кабарлайт.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган жаран Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзүп, түзүлгөн актыны оң тарапка чечип берем деп жетекчиликтен 100 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалган «Т.С.К.» Нарын шаарындагы ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда буга окшогон фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгерде аталган жарандын иш-аракетинен жабыркагандар болсо, КР УКМКнын Нарын облусундагы ишеним телефону (03522) 50849 кайрылыңыздар болот.

Количество просмотров: 128