• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Пара талап кылууга шектелип, УКМКнын кызматкери кармалды

5 Аяк оона 2020 16:16 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Финполдун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жарандан келип түшкөн арыздын негизинде Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) УКМКнын өздүк коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен биргеликте сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында пара талап кылганга шектүү катары УКМКнын кызматкерин кармашкан.

Кармалган жаран кылмыш жаза кодексинин 98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Количество просмотров: 74