Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов бүгүн Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан Акжол Махмудов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жана алардын машыктыруучуларына да сыйлыктарды берди.

Грек-рим күрөшү боюнча коло медаль алгандыгы үчүн Махмудов Акжол Махамаджанович 1 млн жана анын машыктыруучусу Ахметов Мейрамбек Джанилович 200 000 сом, дзюдочу Айбек уулу Кубанычбекке 250 000 сом жана анын машыктыруучусу Жусупов Бакыт Качкынбекович жүз миң сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырды.


