• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Парламент 1-сентябрдан баштап жаңы кодекстерди киргизүүнү колдоду

22 Теке 2021 18:22 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары 22-июлдагы отурумунда Жазык-процесстик кодексинин, Кылмыш-жаза кодексинин жана Жоруктар жөнүндө кодексинин долбоорлорун үч окууда колдошту.

Талкуу учурунда депутаттар укук коргоо системасынын талаптагыдай иштөөсү, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча бир катар сунуштарды беришти. Депутат Дастан Бекешов тергөөчүлөр, судьялар, адвокаттар, нотариустар жана кызыкдар башка тараптар жаңы кодекстер ушул жылдын 1-сентябрынан ишке кирүүсүнө даярбы деп сурады.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев бардык тараптардын макулдугу бар экенин билдирди.

Анын айтымында, жаңы кодекстер 2021-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет.

Количество просмотров: 315