• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Парламент Данияр Үсөновго байланыштуу ишти карайт/Ошто айдоочу аял жол кырсыгынан каза болду. Соңку жаңылыктар 30. 07.18

30 Теке 2018 13:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.07.2018.Govori.TV

Парламент Данияр Үсөновго байланыштуу ишти карайт
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновго байланыштуу маселе депутаттар эс алуудан келгенде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде каралат. Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасынын орун басары, депутат Абдывахаб Нурбаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал соңку жылдары Беларус мамлекети менен сууп калган мамиле жакшырып баратканын кошумчалады.-Бизде Беларус менен көп келишимдер жок. Бакиевдер кеткенден кийин эле кээ бир маселелерде мамилелер жакшы болбой калган. Акыркы убакта алака жакшырып келе жатты эле. Эми Данияр Үсөнов чыкты. Сентябрда иш башталганда карайбыз, мындай маселени сөзсүз караш керек. Балким ошол жакта Кыргызстанда уурдаган акчасын салып жаткандыр. Аны карап көрүш керек- дейт Нурбаев.
Комсомол көлүнө 18 жаштагы жигит чөгүп кетти
Бишкек шаарындагы Комсомол көлүнө 18 жаштагы жигит чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.»Бишкек шаарындагы Комсомол көлүнө 18 жаштагы А.Б.А.аттуу бала чөгүп кеткен. Анын жансыз денеси кечээ, 29-июлда куткаруучулар тарабынан суудан алынып чыгып, туугандарына өткөрүлүп берилген», — деп жазылат маалыматта.
Ошто жол кырсыктан айдоочу аял каза болду
Ош шаарындагы жол кырсыктын кесепетинен оор жаракат алган айдоочу аял көз жумду. Кийинчерээк анын өздүгү такталып, жергиликтүү тургун — 38 жаштагы А.А. экени аныкталган. Анын артында 3 баласы калганы айтылып жатат. Бул кырсыкты Ош ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты. Окуя кечээ, 29-июлда саат 06:30 чамасында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, «Опель Астра» үлгүсүндөгү унаа Гапар Айтиев көчөсүндө башкаруусун жоготуп, тосмону сүзүп токтогон.
Количество просмотров: 10