• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Парламент экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

23 Бештин айы 2020 14:05 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары экономикалык мунапыс боюнча мыйзам долбоорун үч окуудан жактырды.

Документти Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Бакиров, Марлен Маматалиев, Гүлшат Асылбаева, Салайдин Айдаров жана Акылбек Жапаров демилгелеген. Аталган документ бүгүн парламентте экинчи окууда каралып, депутаттар Дастан Бекешев, Наталия Никитенко, Айсулуу Мамашова каршы пикирлерин билдиргени калган эл өкүлдөрү колдоду.

Сунушталган мыйзам долбоорунда эгер кайсы бир ишкер экономикалык кылмыш жасап же салыктан качса, мамлекетке келтирилген зыянды эки эселеп төлөтүү каралууда. Муну менен ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Мунапысты Финпол тарабынан соттук өндүрүшкө алынган жана соттолгон тараптар колдоно алат. Мунапыс берүүнүн мөөнөтү белгиленген эмес, бир адам экинчи ирет пайдалана албайт. Анын максаты — көмүскө мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу жүгүртүүгө чыгаруу менен экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу.

Количество просмотров: 36