• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Парламент өкмөттүн бюджет боюнча долбоорун талкуулайт

15 Жетинин айы 2018 9:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.11.2018.Govori.TV.
Жогорку Кеңеш бүгүнкү, 15-ноябрдагы жыйынында өлкөнүн 2018-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана 2019-2020-жылдарга бюджеттин долбоорун талкуулайт. Буга чейин долбоорду профилдик комитет карап, жактырган.
2019-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 151 млрд. 454 млн. сом, ал эми чыгашасы 161,7 млрд. болору белгиленген. Таңсыктык 10,2 млрд. сомдон ашпашы керек.
Ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) реалдуу өсүшү 2019-жылы 4%, 2020-жылы 4,4%, 2021-жылы 4,2% түзүшү керек.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы насыялар (займ) жана гранттар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гана тартыларын, 2019-жылы бардык чыгашалар толугу менен ички булактардын эсебинен жабыларын айткан.
Количество просмотров: 24