Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Швейцариядагы атайын жана ыгайрым укуктуу элчиси кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин жактырды.
Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев буга чейин Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалган.
Бейшеналиев 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеген.