• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Парламент комитети Талант Мамытовдун төрагалыкка талапкерлигин жактырды

4 Жетинин айы 2020 12:19 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укукук маселелер боюнча комитети парламенттин төрагалыгына Талант Мамытовдун талапкерлигин жактырды. 

Учурда жалпы жыйында Мамытовдун талапкерлиги талкууланып жатат.

Анда «Республика-Ата Журт» фракциясынан төрагалыкка талапкер катары сунушталган депутат Талант Мамытов сөз сүйлөдү.

Анын айтымында, азыркы учурда парламент толук кандуу иштеш керек.

«Ушундай оор кырдаалда, коомдук-саясий жана экономикалык кырдаалды эске алганда жагдай жөнөкөй эмес. Бүгүнкү күндө ичимде сүйүнүч эмес, кыжалат пайда болду. Жеке жоопкерчилигимди сезип жатам. Өз миссиябызды аткарып, эл алдында жүзүбүз жарык алгылыктуу иш алып барабыз деп ишенем. Бүгүнкү күнү парламент тууралуу көп сөз болуп жатат. Анын ичинде сын-пикирлер да айтылып келет. Аны мойнубузга алышыбыз керек. Анткени 120 депутат бар. Азыркы учурда парламент толук кандуу иштеш керек. Талапкерлигимди колдоп берсеңиздер калыс туруп берем», — деди Мамытов.

Количество просмотров: 53