• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Парламент төрагасы жыйын курду

22 Баш оона 2023 9:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин аппаратынын жетекчилери, бөлүм башчылары жана орун басарлары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда Жогорку Кеңештин III сессиясынын башталышына карата даярдыктар талкууланып, бөлүм башчылары тиешелүү баяндамаларды беришти. Төрага Нурланбек Шакиев угулган маалыматтын жыйынтыгы боюнча парламенттин Аппаратынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча бир катар сунуш-пикирлерин айтты.

Атап айтканда, төрага Нурланбек Шакиев Аппараттын кесипкөй иши жалпы парламенттин сапаттуу иштешине түздөн-түз таасирин тийгизерин белгиледи.

«Ар бир бөлүм өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнүп, белгиленген милдеттерин өз убагында жана так аткаруусу кажет. Дүйнө бир орунда турган жок, биз эскиче иштөө ыкмаларынан арылып, жаңы технологияларды көбүрөөк колдонушубуз зарыл», — деп кошумчалады ал.

Количество просмотров: 74