Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан сунушталган бош турган министрлик орундарга талапкерлер депутаттар тарабынан колдоого ээ болду.
Алар:
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуев — 101 добуш;
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчилигине Дастан Догоев — 105 добуш;
Өкмөт аппаратынын министр рангындагы жетекчилигине Самат Кылжыев — 102 добуш;
Экономика министри кызматына Санжар Мукамбетов — 106 добуш менен ЖК тарабынан министрлик кызматтарга жактырылды.
Эске салсак, өткөн аптада аталган төрт органдын тең жетекчилери отставкага кетишкен.