Жогорку Кеңеш Өкмөттүн чек ара иштерин көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр кызматына көрсөтүлгөн Акрам Мадумаровдун талапкерлигин жактырды.
Анын талапкерлигин добуш берүүгө катышкан 98 депутаттын 97си колдоду. 1 депутат каршы добуш берди.
Акрам Мадумаров
1977-жылы 29-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында туулган.
Билими жогорку. 1999-жылы Кыргыз агрардык университетин «ветеринар» адистиги боюнча аяктаган, биология илимдеринин кандидаты.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1995 – 2005-жж. – Кыргыз агрардык университети, ассистент, улук окутуучу;
2006 – 2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы, өндүрүштү жана протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмү, референт;
2008 – 2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Түштүк резиденциясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы, директордун орун басары;
2009 – 01. 2013-жж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы, протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмү, бөлүм башчы;
01.2013 – 04.2013-ж. – Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы, акимдин милдетин аткаруучу;
06.2017 – 09.2017-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Аппарат Жетекчинин биринчи орун басары;
09.2017 – 04.2019-жж. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, директор.
Акрам Мадумаров Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2019-жылдын 1-апрелинде дайындалган.