• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Парламент өзгөчө абалды узартууну карайт

15 Чын куран 2020 9:34 Бишкек Govori.TV

15-апрелде Жогорку Кеңеш Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда жарыяланган өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартууну жана Нарын шаары менен Ат-Башы районуна да ушундай режим киргизүү боюнча президенттин жарлыгын карайт.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлыкка 14-апрелде кол койгон.

Себеби, Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавирус көп катталган үч шаар, үч райондо өзгөчө абал киргизилген.

Акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда COVID -19 жуккан 430 адам бар. 

Количество просмотров: 140