• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Парламент журналисттерди аккредитациялоону баштады

4 Баш оона 2020 19:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин  жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин аккредитациялоо боюнча комиссиясы парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн  журналисттердин документтерин кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкөдөгү коронавирус  пандемиясына байланыштуу бул жылы  документтерди кабыл алуу  онлайн режимде жүргүзүлөт.Төмөндө көрсөтүлгөн  документтер сүрөткө тартылып, [email protected].дарегине жиберилүүгө тийиш.

Уюмдун  расмий бланкасына жазылып, жетекчинин колу коюлган аккредитациялоо боюнча арыз Жогорку Кеңештин  Аппаратынын жетекчиси  Сабырбеков Алмазбек Амангелдиевичтин атына берилет.

1. Аккредитациялоо боюнча арызда төмөндөгү маалыматтар камтылууга тийиш:

  • ЖМКнын толук аталышы, анын ичинде:
  • Басылма ээсинин, же басып чыгаруучунун аты-жөнү;
  • Нускасы;
  • Басылманын мезгилдүүлүгү;
  • ЖМКнын жайгашкан жери;
  • Таралуу региону;
  • Почта дареги(анын ичинде индекси);
  • Иш телефондорунун, факсынын номери;
  • Электрондук почтанын дареги

2. Мурда аккредитацияланган ЖМКлар аккредитациясын узартуу үчүн  арыздын сүрөткө тартылган көчүрмөсүн жиберип, ошондой эле мурда берилген аккредитациялык карточкасын чиби менен кошо тапшыруулары керек (аккредитациялык  карточкаларды  кайсыл күнү тапшыруу тууралуу 0558 50 00 77 телефону аркылуу макулдашса болот)

3. Мурда аккредитацияланган ЖМКлардын жаңы журналисттерин  аккредитациялоо үчүн төмөндөгү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

  • аккредитацияланып жаткан  журналисттин аты-жөнү;
  • паспорттук маалыматтары;
  • расмий, же туруктуу псевдоними;
  • ээлеген кызматы;
  • жумуш жана уюлдук телефонунун номери;
  • түстүү сүрөтү(3×4 см — көчүрмөсү эмес, жакшы сапаттыгы сүрөттүн түп нускасы);
  • Анкеталык маалыматтары(резюме);

4. Биринчи жолу аккредитациядан өтүп жаткан ЖМКлар ЖМК жөнүндөгү маалыматты(пункт 1), ошондой эле кызматын көрсөтүү менен(журналист, техникалык кызматкер)бардык кызматкерлердин  маалыматтарын (пункт 3) кошо тиркеп, Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Сабырбеков Алмазбек Амангелдиевичтин атына арыз жазышат.

Мурда аккредитациядан өткөн-өтпөгөнүнө карабастан, ЖМКлардын баарынан КР Юстиция министрлигинен  мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндөгү  күбөлүктүн сүрөткө тартылган көчүрмөсүн, электрондук ЖМКлар үчүн берүүлөргө лицензиянын көчүрмөсүн, басылманын быйылкы жылдагы акыркы эки нускасын(басма ЖМКлар үчүн), же быйыл эфирге чыккан парламенттик тематикадагы акыркы эки материалын(теле жана радиокомпаниялар үчүн) жиберүү керек.

Документтерди кабыл алуу 2020-жылдын 31-августуна чейин жүргүзүлөт

Количество просмотров: 52