• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Парламентте АРИСтин башчысынын жоопкерчилигин кароону сунушташты

4 Кулжа 2018 17:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.05. 2018. Govori.TV
“Элетти көтөрүү  жылында элеттеги социалдык обьектилерди жакшыртып, 44 жаңы социалдык обьекти курууну кечиктиргени үчүн тийиштүү органдар АРИСтин директору Арстан Муктаровдун жоопкерчилигин карасын”. Мындай сунушту бүгүн, парламенттин социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаев көтөрдү. Анын айтымында, АРИС аткаруучу болгон Айылды Инвестиция Долбоору бир жылдан ашуун убакыт иштебей, натыйжада 44 айыл баардык конкурстук этаптардан өтүп, өздүк салымдарын жыйнап, бирок, курулуш иштери АРИСтин жетекчилигинин шалаакылыгынан улам токтоп турат.
“Долбоорго донор болгон Дүйнөлүк банк тарабынан конкурстагы айрым айылдардын долбоорлоруна сындар болгон. Бирок, АРИС ошол айылдардын кызыкчылыгын коргоонун ордуна, донорлор тарапка актоочу болуп келгенсиңер. Тескерсинче, силер долбоордун ишке кирип, социалдык обьектилердин салынып калышына кызыкдар болушуңар керек эле”,-деди депутат.
Ал эми комитет башчынын орун басары Тазабек Икрамов кесиптешинин сунушун толук колдоого алып, комитеттин сунушун добушка койду. “Бул жерде шалаакылык бар. АРИСтин жетекечисинин кызматка келиши менен бул долбоор токтоп калгандай картина жаралып жатат. Андыктан, АРИСтин байкоочу кеңешине бул агенттиктин жетекчиси менен тиешелүү кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароону жана жетекчиге ишеним көрсөтпөө сунушун берсек туура болот”,-деди ал.
Жыйынтыгында, комитеттин чечими көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Мындай чечимди буга чейин ЖКнын «Кыргызстан» фракциясы да кабыл алган эле.
Эске сала кетсек,  Айылдын Инвестициялоо Долбоорунун 2-фазасына донорлор Дүйнөлүк банк менен Немец Банкы тарабынан 20 млн. АКШ доллар насыя жана грант түрүндө каралган. Бирок,  44 айыл өкмөт долбоордун конкурсунан жеңип чыкканы менен ушул убакытка чейин курулуш иштери башталбай, донорлор менен АРИСтин жетекчилигинин ымалага келбегенинен токтоп турат.
Количество просмотров: 44