• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Парламентте аялдардын бар болуусу маанилүүбү?

8 Теке 201917:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.07.2019.Govori.TV.

2019-жылдын 7-июлунда КР ТИМинин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Европа Союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини КР аял- дипломаттары жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугушту.

Федерика Могерини катышуучуларга ыраазычылык билдирип,  кол коюлган Макулдашуунун алкагында Кыргызстан менен Европа Союзунун ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүктүн жана кызматташтыктын негизги багыттары жөнүндө айтып берди. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар КР Жогорку Кеңешинде аялдардын  бар болуусунун маанилүүлүгү, социалдык, билим берүүчүлүк, маданият жана башка чөйрөлөрдөгү маселелерде жөнүндө пикир алмашты.  Ошондой эле ВСП+ статусунун алкагында Кыргызстандын  продукциясын илгерилетүү маселелери козголду.

Жолугушуунун аягында катышуучулар Кыргызстан менен Европа Союзунун ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти. 

Жолугушууга КР  Жогорку Кеңешинин депутаттары  Алтыбаева А., Исмаилова Г., Сурабалдиева Э., КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери Оролбаева И., Иманалиева Л., КР Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери, КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын, БААУнун, Ж. Баласагын атындагы КУУнун  өкүлдөрү катышты.

Количество просмотров: 13